Коом

Коронавирус. 378 кишиден аныкталып, дагы 4 бейтап каза болду

Өткөн суткада коронавирус 378 кишиден табылып, 455 бейтап ооруну жеңди, ошол эле учурда дагы 4 бейтап акка моюн сунду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 80;
  • Ош шаары – 11;
  • Чүй облусу – 111;
  • Ош облусу – 45;
  • Талас облусу – 11;
  • Нарын облусу – 10;
  • Ысык-Көл облусу – 28;
  • Жалал-Абад облусу – 54;
  • Баткен облусу – 28.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 70 744 болду. Анын ичинен 62 048 бейтап айыккан.

Өткөн суткада коронавирустан каза болгондордун экөө Бишкек шаарында катталган. Ал эми Баткен менен Талас облустарында бирден бейтап көз жумган.

Азыркы тапта ооруканада 2 851 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 127 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.

Ооруканада жаткандардын абалы:

  1. 60 — канааттандырарлык абалда;
  2. 1 870 — орточо оор;
  3. 794 — оор;
  4. 127 — өтө оор.

Ал эми 3 832 бейтап медициналык жардамды үйлөрүнөн алып жатканы маалым болду. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button