Саясат

Артём Новиков Кыргызстан чет жактан канча карыз алып, кайда жумшалган чыгымдарды айтты (ТИЗМЕ)

Кыргызстан жыл башынан бери чет элдик донорлордон 343 миллион доллар каражат алды. Муну улуттук валютага которгондо 25 миллиард сомду түзөт. Бул туурасында парламентте 2020-жылдын бюджетин өзгөртүү маселеси каралып жаткан учурда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков билдирди.

Каражат төмөнкүдөй бөлүнгөн:

  • Айлык акыга — 8 миллиард сом;
  • Пенсияга — 4,5 миллиард;
  • Жөлөк пулга — 2 миллиард;
  • Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын трансферти — 3,9 миллиард;
  • Экономиканы колдоого — 2,6 миллиард;
  • Коронавирус менен күрөшүүгө — 3,1 миллиард.

Мындай жоопту уккан депутат Абдывахап Нурбаев «демек, өкмөт 18 миллиард сомдон ашыгын маянага эле жеп коюптур да?» деп суроо салды эле «Ооба, туура айтасыз» деп жооп берди Новиков.

Мындан улам депутат 2021-жылы мамлекеттик органдарда иштеген кызматкерлердин санын 50 пайызга чейин кыскартпаса, кырдаал мындан дагы жаман болорун айтты.

Ал эми Новиков учурда мамлекеттик структураларды оптималдаштыруу боюнча комиссия иштеп жатканын билдирди

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button