Коом
15-апрелге карата аба-ырайы
Бүгүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт.
Абанын температурасы Чүйдө 17…22, Таласта 12…17, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 18…23, Ысык-Көлдө 12…17, Нарын жергесинде 15…20 градус жылуу болору күтүлүүдө.
Борбор калаа Бишкекте күндүн табы 19…21, Ошто 20…22 градуска чейин чыгат. Синоптиктер эки шаарда тең жамгыр жаай турганын айтышты.



