Нарында мушташ учурунда атышуу болуп, ок көчөдө бараткан башка адамга тийген

Нарында мушташ учурунда ок атылып, анын натыйжасында көчөдө бараткан башка адамга ок тийген. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 2020-жылдын 24-ноябрь күнү саат  18:20 чамасында Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн 102 кызматына А. аттуу жаран тарабынан Нарын шаарынын Кулумбаев көчөсүндө жайгашкан “Корона” ресторанынын алдында бир адамды бир адам ок атуучу курал менен атып, денесине жаракат келтирип ооруканага алып кетишти деп билдирген.

Аталган билдирүү Нарын ШИИБи тарабынан каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган учурда Нарын шаарынын тургуну 1997-жылы туулган тургуну К.А.  жана 1999-жылы туулган Т.Э. экөө пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, Т.Э. жанынан  белгисиз ок атуучу куралды алып чыгып бир жолу атканда, көчөдө турган Нарын шаарынын тургуну 1997-жылы туулган М.Днын оң бутуна тийген.

М.Д. ошол учурда жолдон өтүп бара жаткан автоунаа менен Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылды.

Бул окуя боюнча Нарын ШИИБи тарабынан КР  Жазык кодексинин 266-беренеси  (Ээнбаштык) менен  сотко чейинки өндүрүш иши катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Азыркы учурда шектүүлөр аныкталып, аларды кармоо иш чарасы  жүргүзүлүп жатат.

Жогорудагы жарандар  уюшкан кылмыштуу топко эч кандай тиешеси жок.