Коом

Коронавирус жуктургандар жана каза болгондордун көбү Бишкекте. Статистика

Өткөн суткада коронавирус 377 кишиден табылып, 402 бейтап ооруну жеңди. Ошол эле учурда дагы беш бейтап каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 100;
  • Ош – 8;
  • Чүй облусу – 127;
  • Ош облусу – 26;
  • Талас облусу – 15;
  • Нарын облусу – 13;
  • Ысык-Көл облусу – 36;
  • Жалал-Абад облусу – 22;
  • Баткен облусу – 30.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 71 548 болду. Анын ичинен 62 946 бейтап айыккан.

Соңку бир сутканын аралыгында коронавирус жуктуруп алган беш адам каза болду.

Оорудан ажал тапкандардын төртөө Бишкек шаарында, бирөө Нарын облусунда.
Пандемия башталгандан бери COVID-19 илдетинен 1 256 кыргызстандык көз жумду.

Мындан сырткары, учурда өлкөдөгү ооруканаларда вирус илештирип алган 2 875 бейтап жатат.

Алардын ичиненен:

  • Канааттандырарлык абалда – 53 адам;
  • Орточо оордукта – 1 961;
  • Оор абалда – 746;
  • Өтө оор абалда – 115.

Ал эми 3 698 киши үй шартында дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланууда Амбулатордук дарыланууда 3698 бейтап бар.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button