Коом
Бишкек – Ош жолуна чектөө киргизилип, бардык унаалар текшерилип жатат (ФОТО)
Бишкек – Ош жолуна унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Мындай чаралар Ала-Бел ашуусуна калың кар түшкөнүнө байланыштуу көрүлүүдө. Жол инспекторлору коопсуздукту сактоо максатында «Арал» постунан жүк ташыган унааларды өткөрбөй жатат.
Мындан сырткары, жеңил унаалар дагы токтотулуп, дөңгөлөк үчүн чынжырлардын бар-жогу текшерилүүдө. ОЖКККБдан кабарлашкандай, жол чарба кызматтары трассаны тазалап жатат.
Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы дагы айдоочуларды Төө-Ашуу, Бишкек – Ош жана Бишкек – Нарын – Торугарт жолунда сак болууга чакырды.