Саясат

Калык Мамбетакунов: Кыргызстан акыркы он жылда сазга батып бүттү, бизге президенттик башкаруу керек (ВИДЕО)

Кыргызстанда Конституциялык кеңешме өтүп,  коомдук активисттер, саясатчылар, юристтер, коомдук ишмер, маданият өкүлдөрү, окумуштуулар талкуулап жатышат.  Кыргызстан майыптар ассоциациясынын президенти Мамбетакунов Калык Барыктабасович Конституциялык кеңешменин отурумунда олуттуу ой-пикирин жана сунуштарын айтты.

Калык Мамбетакунов: “Кыргызстанда бүгүнкү күндө 179 миң майып адам жашайт. Алардын башын  500дөн ашык уюмдар, ар кандай фонддор бириктирип турат. Бирок Конституциялык кеңешмеге ошолордун бирөө да чакырылбай калыптыр.  Бирок азыркы кырдаалда биз чакырылбай калыптырбыз деп таарынып, тултуюп отура турган кез эмес. Бул кыргыз элинин астындагы акыркы мүмкүнчүлүк экенин эл сезип жатат. Ошондуктан Садыр Нуркожоевич да кайра-кайра айтып жатат, келгиле эшик ачык, оюңарды  бергиле деп.

Биринчиден, кийинки кезде кыргыз элинин ичинде бир катмар пайда болду. Өздөрү эл үчүн, мамлекет үчүн жарактуу бир ой айтпайт, иш жасабайт, бирөө кыймылдап маселе көтөрсө, макала жазса, же бир жерден сүйлөп койсо эле балээге калат. Сындап башташат, азыр ошондой абалга келип калдык биз.

Азыркы учурда Кыргызстанда Президенттик башкаруу кылыш керек. Биз акыркы он жылда сазга батып бүттүк. Карапайым адамдардын жон териси сыйрылып бүттү. Кыргызстанда эл өтө жакыр жашап жатат, бир миллиону тентип кетти башка өлкөлөргө. Бизде президент бийликти алса эле узурпация бийлик болуп калат экен деп ызы-чуу чыгарып жатышат. Биз демократия деп ойноп атып, Кыргызстандын азабын берип бүттүк. Тартип жок, оозго келгенди сүйлөйбүз.  Кыргызстанды ушул абалдан чыгарыш үчүн генерал Пиночет керек!”- деди Калык Барыктабасович.

Ал Конституциялык кеңешмеде майыптар тууралуу сунуштарын айтып, алардын маселесин да көтөрдү. Андан тышкары азыркы саясий кырдаал жана жаштар тууралуу, Конституция тууралуу жакшы сунуштарын билдирди.

Калык Мамбетакуновдун сүйлөгөн сөзүн толугу менен бул видеодон көрө аласыздар:

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button