Спорт

Дагы бир алтын! Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча Дүйнө кубогу мелдешинде чемпион болду. Ал чехиялык Адела Ханзликовичти 8:2 эсебинде утуп алды.

Таймашты Дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайты түз көрсөтүп жатат.

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан турнирде Жуманазарова квалификациялык жана чейрек финалдык этаптарда беларустук, украиналык спортчулардан мыкты экенин көрсөткөн.

Ал эми 76 килограмм салмакта дагы бир кыргызстандык спортчу кыз Айпери Медет кызы коло байге үчүн россиялык Екатерина Букина менен күрөшөт.

Эскерте кетсек, Дүйнө кубогу мелдешинде 62 килограммда Айсулуу Тыныбекова чемпион болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button