ӨКМ шашылыш билдирүү таратты. Сак болгула, кар көчкү түшөт!

13-январдан 16-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү ыктымалдыгын айтып ӨКМ шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматта көчкү Ала-Бука — Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-100-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка — Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымдарында жана Ала-Бука — Каныш-Кыя — Кызыл-Адыр автоунаа жолунун 61-85-чакырымдарында (Кара-Кысмак капчыгайы) түшөрү болжолдонууда. Жолдор тайгак болуп, моз тоңот.

Жолго чыккан айдоочулар автоунаа ортосундагы 500 метрлик аралыкты сакташы керектиги эскертилди.