Лукашенко Садыр Жапаровду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президентин шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу КР президенти кызматына талапкер Садыр Жапаровдун шайлоо штабынын басма сөз кызматы билдирет.

“Бул жогорку мамлекеттик кызматтагы Сиздин ишмердүүлүгүңүз коомчулуктагы биримдик менен ынтымакты бекемдөөгө, эгемен Кыргызстандын социалдык стабилдүүлүгү менен экономикасынын туруктуу өсүшүнө өбөлгө болот деп ишенем. Беларусь Республикасы кызыкдар жана жоопкерчиликтүү өнөктөш катары калуу менен бирге мындан ары дагы эки тараптуу негизде да, интеграциялык форматта да эки жакка тең пайдалуу кызматташууну тереңдетүүгө даяр. Сизге чың ден соолук, бакубатчылык, кыргыз элинин гүлдөп-өсүүсү үчүн белгиленген максаттарда ийгиликтүү жетишкендиктерди каалайм”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.