ДССУ коронавирус тууралуу маалымат таратты. Быйылкы жыл былтыркыдан да оор болорун айтты

220

Пандемиянын экинчи жылы мурункусуна караганда да оор болушу ыктымал. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун чукул кырдаалдар программасынын директору Майкл Райан билдиргенин РИА Новости жазды.

ДССУнун өкүлү акыркы эки аптада уюмга келип жаткан маалыматтар оору кайрадан күчөгөнүнөн кабар берерин белгилейт.

“Пандемия менен күрөштүн экинчи жылын баштан кечирип жатабыз. Коронавирустун жайылуу динамикасын жана бизге байкалып жаткан айрым көйгөйлөрдү эске алсак, быйылкы жыл өткөн жылдан да оор болушу мүмкүн”, — деген ал.
Райандын айтымында, илдет Түндүк жарым шарын, айрыкча Европа жана Түндүк Американы каптаганы байкалат. Ал аймактарда кескин суук болуп, адамдар бир үйгө топтолуп алганы, ошондой эле коронавирустун жаңы штаммдарынын чыгышы инфекциянын жайылышына алып келген факторлор болгонун белгиледи.

ДССУнун маалыматына ылайык, дүйнө жүзү боюнча илдетке кабылгандардын саны 90 миллиондон ашкан. Эки миллиондой киши көз жумган. Өткөн суткада дүйнөдө COVID-19дун 546 016 жаңы учуру катталган болсо, анын ичинен 9 884 бейтап каза болгону айтылды.

2020-жылдын 11-мартында ДССУ COVID-19 инфекциясынын жайылышын пандемия деп жарыялаган.