Коом

Бишкектен Кувейтке түз аба каттам ачылат

Февралда Кувейт — Бишкек — Кувейт багыты боюнча жаңы каттам ачылат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, «Jazeera Airways» авиакомпаниясы менен аба каттам ачуу маселелери боюнча жолугушуу болуп өттү.

Авиакомпания Кувейт-Ош-Кувейт багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамды жандандыруу жана Кувейт-Бишкек-Кувейт багыты боюнча жаңы каттамды ачуу демилгесин колдойт.

«Jazeera Airways» 2021-жылдын 2-февралынан баштап Кувейт-Ош-Кувейт багыты боюнча каттамды калыбына келтирип, 4-февралдан баштап Кувейт-Бишкек-Кувейт багыты боюнча жаңы эл аралык каттам ачууну пландоодо.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button