Окуялар

Мелис Аспеков Жапыкеевге каршы көрсөтмө берүүдө

Кыргыз темир жолу ишканасынан 250 миң доллар талап кылып, алып кармалган Мелис Аспеков Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын башчысы Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берүүдө. Жапыкеев ушул жума камакка алынышы мүмкүн. Бул тууралуу өздүк булактардан белгилүү болду, деп жазды Тараза маалымат булагы.

Бизге жеткен маалыматка ылайык Мелис Аспеков 250 миң доллардын 50 миң долларын Сыймык Жапыкеевге бергем деп көрсөтмө берүүдө.

Эске салсак Садыр Жапаровдун Чүй облусундагы штаб башчысымын деген Мелис Аспеков менен Улан Жураев деген жаран 9-январда УКМК тарабынан кармалган.

УКМК буга чейин депутат Кубанычбек Жумалиевден 160 миң доллар алып кармалган адам Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын башчысынын жардамчысы экенин жарыялаган. Бирок бул маалымат тууралуу кенен түшүндүрмө берилбей, ишти унуткарышкан.

Сыймык Жапыкеев Чоң Казат партиясынын лидерлеринин бири. Ал 5-октябрдагы окуялардан кийин кызматка келген.

Булак: Тараза

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button