Иш таштаган маршруттар текшерилип, үч компанияга эскертүү берилди
18-19-январь күндөрү үч компаниянын маршрутка айдоочулары ишке чыкпай коюшкан. Бул тууралуу Жолдор жана транспорт министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, министрликтин алдындагы Автотранспорт агенттигинин Бишкек шаардык башкармалыгы 18-19-январь күндөрү жумушка чыкпай койгон маршруткаларды текшерүүдө.
«Анын жүрүшүндө «Восточный экспресс», «Дордой-Транс», «Узар-Вест» компаниялары аныкталып, эскертүү берилди. Башка шаардык маршруттар боюнча да текшерүү уланып, айдоочулук курамга түшүндүрүү иштери жүрүүдө», — деп жазылат маалыматта.
Бишкек милициясы иш таштаган маршрутка айдоочуларына кайрылды:
Башкармалык эгер ушундай эле учурлар дагы кайталанса, мыйзамга ылайык, мындан да катуу чаралар (айып пул салуу, лицензиясынан ажыратуу) көрүлө турганын эскертти.
Эске салсак, 18-19-январда айрым маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кире акысын 5 сомго жогорулатууну талап кылып, жол акы 2012-жылдан бери көтөрүлө электигин белгилешкен.
Айрым маршруткалар каттабагандыктан, калаа тургундарына ыңгайсыздык жаралып, айрымдары үйлөрүнө жете албай кыйналышкан.