Экс-министр Космосбек Чолпонбаев ноябрда эле үй камагына чыкканы белгилүү болду

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев былтыр ноябрда үй камагына чыгарылган.

Космосбек Чолпонбаевди үй камагына чыгаруу тууралуу чечим 2020-жылдын 27-ноябрында чыккан. Сот акыркы жолу анын бөгөт чарасын 6-январда карап, үй камагындагы мөөнөтүн узартканы 22-январда маалым болду.

Космосбек Чолпонбаев былтыр сентябрда Башкы прокуратуранын «мамлекетке 65 миллион сом зыян келтирген» деген айыбынын негизинде кармалган. Биринчи май райондук сотунун чечими менен 15-ноябрга чейин ЖАМКга (Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат)караштуу №21 абагына камакка алынган.

6-ноябрда анын камактагы мөөнөтү 15-январга чейин узартылган. Мурдагы министрдин адвокаттары бул чечимге макул болбой, анын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүч менен Бишкек шаардык сотуна даттанган.

Шаардык сот доо арызды 27-ноябрда карап, Космосбек Чолпонбаев боюнча мурдагы чечимдерди өзгөрткөн. Аны 2021-жылдын 15-январына чейин үй камагына бошоткон.

Акыркы жолу райондук сот мурдагы чиновниктин бөгөт чарасын быйыл 6-январда карап, сотко чейин териштирүү уланып жатканына байланыштуу анын үй камагындагы мөөнөтүн дагы эки айга – 15-мартка чейин узарткан.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Чолпонбаев «Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу адамдарына карата шалаакылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын маалымдаган.

Чолпонбаевдин жакындары бул иш боюнча «эл аралык эксперттердин иликтөөсү зарыл» экенин айтышкан. Өзү жана жакындары укук коргоо органдарынын айыптары боюнча мындан башка комментарий берген эмес.

Космосбек Чолпонбаев саламаттык сактоо министри болуп 2018-жылдын 20-апрелинде дайындалган.

Былтыр 1-апрелде коронавируска даярдыктар жана шалаакылык боюнча катуу сындардан кийин кызматынан бошотулган