Коронавирус. Акыркы суткада 70 кишиден вирус аныкталып, бирөө каза тапты

Бир суткада 70 кишиден вирус аныкталып, Бишкекте бирөө каза тапты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 26,
Чүй облусу — 17,
Ош облусу — 6,
Талас облусу — 2,
Нарын облусу — 3,
Ысык-Көл облусу — 10,
Баткен облусу — 3,
Жалал-Абад облусу — 3 .

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында бир бейтап каза болду.

Март айынан бери 85 миң 689 киши вируска чалдыгын, 1 миң 447 бейтап көз жумду.