Окуялар

Бишкекте бир жуманын ичинде 336 жол эрежелерин бузган чет өлкөлүк номурлуу авто унаалар аныкталды

Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери 12-февралдан 19-февралга чейин бир жума аралыгында каттоо нөөмөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номурлуу 336 авто унааны аныктады. Алардын ичинен 73 Россияныкы, 9 Арменияныкы, 8 Азербайжандыкы, 229 транзиттик номурлар, 17 жана башка чет өлкөлүк номурлуу авто унаалар. Булардын баарына Кыргыз Республикасынын бузуулар тууралуу кодексинин беренелеринин негизинде тийешелүү протоколдор толтурулду. Анын ичинен 9 чет өлкөлүк авто унаалар ар кандай багытта жол эрежелерин бузгандыгы үчүн, убактылуу токтотуучу короо жайына киргизилди.

Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматы атайын коопсуз шаар долбоорунун алкагында койулган видео көзөмөлдөрдөн жашынып, же видео көзөмөл жазбайт деген түшүнүк менен каттуу ылдамдык менен айдаган айдоочуларга, ошондой эле каттоо нөөмөтү өтүп кеткен чет өлкөлүк транзиттик номерлүү авто унааларга карата мындан арыда текшерүү жана чара көрүү иштерин улантат.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button