Коронавирус. Айыккандар арбып, жуктургандар азайды
Кыргызстанда учурда коронавирус жуктурган 19 адам өтө оор абалда жатса, 43 адамга аталган илдет жуккан. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Бүгүн COVID-19дан каза болгондор катталган жок.
Маалыматтарга таянсак, ооруканаларда учурда коронавирустан 371 адам дарыланууда.
«Стационардагылардын ичинен 90 бейтап оор, 19 киши өтө оор абалда жатат», — деп айтылат штабдын маалыматында.
Амбулатордук дарыланууда 285 бейтап бар экени айтылды.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Бишкек — 18
Чүй облусу – 11
Ош облусу — 4
Талас облусу — 2
Нарын облусу — 2
Ысык-Көл облусу – 6
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
Бишкек – 18
Чүй облусу – 35
Ош облусу – 3
Талас облусу – 1
Нарын облусу – 4
Ысык-Көл облусу – 3
Жалал-Абад облусу – 3