Без рубрики

ТИМ: Кыргызстандыктардын Казакстандын чек арасынан өтүүсү жеңилдетилет

Кыргызстан менен Казакстан кыргызстандыктардын Казакстан Республикасынын чек арасынан өтүүсүн жеңилдетүүгө макулдашышты. Бул тууралуу брифингде КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди.

Ал чек арадан өтүү маселеси 2-3-мартта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен Казакстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында көтөрүлдү деп белгиледи.

Ошондой эле, министр чек арадан өтүү, Россия жана Кытайга бара жаткан КР жарандарынын транзиттик жол катары чек арадан өтүү мүмкүнчүлүгү, андан тышкары Алматыдан үчүнчү өлкөгө учуулары боюнча маселелер көтөрүлгөнүн билдирди.

“Азыр Казакстандын чек арасынан өтүү процедурасы татаал болуп турат. ТИМ аркылуу макулдашуу, Казакстан тараптан чакыруу, КР элчилигинен эскертүү алыш керек. Биз бул процедураларды жеңилдетүүгө макулдаштык. COVID-19 пандемиясына байланыштуу чек ара Казакстан тараптан жабык” , — деди ал.

Мындан тышкары, ал Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы бардык өткөрүү пункттарын ачуу маселеси талкууланганын билдирди.

“Азыр белгилүү болгондой 4 пункт гана иштеп жатат, дагы үчөө ар кандай себептерден улам жабык турат”, — деди ТИМ башчысы.

Муну менен катар Руслан Казакбаев казак тарап модернизациядан кийин “Ак-Жол – Кордай” өткөрүү пунктунан адамдарды өткөрүүнү көбөйтүүгө даяр экенин билдирди деп кошумчалады.

ТИМ башчысынын айтымында, иш сапардын алкагында унаа менен жүк ташуу, андан тышкары Кыргызстан-Казакстан-Россия жана Кытай-Казакстан-Кыргызстан маршруту боюнча темир жол аркылуу жүк ташуудагы маселелер дагы көтөрүлгөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button