Коронавирус. Бишкекте жуктургандар көбөйүп, эки бейтап каза тапты

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 67 адамдан табылып, экөө каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аймактар боюнча:

Бишкекте коронавирус – 43,

Ош шаарында – 3,

Ысык-Көл облусунда – 4,

Чүй облусунда – 16,

Жалал-Абад облусунда – 1.

Ал эми бир сутка ичинде 39 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте эки адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 345 бейтап, амбулатордук түрдө 275 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 917 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 875 киши айыгып чыкса, 1 миң 483 адам каза болду.