Коронавирус. Акыркы суткада 73 адамдан аныкталып, бир бейтап каза тапты

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 73 адамдан табылып, бирөө каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аймактар боюнча:

Бишкекте коронавирус – 23,
Ош шаарында – 2,
Чүй облусунда – 40,
Ош облусунда – 2,
Ысык-Көл облусунда – 3,
Баткен облусунда – 1,
Нарын облусунда – 1.

Ал эми бир сутка ичинде 49 адам коронавирустан айыгып чыккан. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Чүй облусунда 1 адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 337 бейтап, амбулатордук түрдө 307 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 990 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 924 киши айыгып чыкса, 1 миң 484 адам каза болду.