Коом

Коронавирус. 82 адамдан табылып, бир бейтап каза тапты

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 82 адамдан табылып, бир  бейтап каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аймактар боюнча:

Бишкекте – 55,
Чүй облусунда — 19,
Ысык-Көл облусунда – 5,
Жалал-Абад облусунда — 3.

Ал эми бир сутка ичинде 46 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Ысык-Көл облусунда бир адам кала каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 395 бейтап, амбулатордук түрдө 363 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 87 миң 321 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 130 киши айыгып чыкса, 1 миң 488 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button