Коом
Коронавирус. 115 кишиден аныкталып, 2 бейтап каза тапты
Кыргызстанда бир сутка ичинде 115 киши коронавирус жуктурду, 65 бейтап сакайып, эки адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек — 66;
- Ош — 2;
- Чүй облусу — 42;
- Нарын облусу — 2;
- Ысык-Көл облусу — 3.
Пандемиядан бери 87 652 адамдан вирус аныкталды.
Жалпы айыккандар 84 339 болду.
Тилекке каршы, COVID-19 илдетинен бир суткада Бишкек шаарында эки бейтап көз жумду. Жалпы көз жумгандардын саны 1 492 болду.