Коронавирус. Акыркы суткада 71 адамдан аныкталып, 2 бейтап каза тапты

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 71 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, аймактар боюнча:

Бишкекте – 53,
Ош – 1,
Чүй облусунда – 11,
Ысык-Көл облусунда – 5,
Жалал-Абад облусунда – 1.

Ал эми бир сутка ичинде 62 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 2 бейтап каза болуп, өлгөндөрдүн саны 1497 адамга жетти.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 550 бейтап, амбулатордук түрдө 515 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 88 миң 163 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 653 киши айыгып чыкса, 1 миң 497 адам каза болду.