Коом

Коронавирус. Жуктургандар Бишкекте көп катталып, дагы бир бейтап каза тапты

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 113 адамдан табылып, бир бейтап каза тапты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, аймактар боюнча алганда:

Бишкекте – 61,
Чүй облусунда – 44,
Ысык-Көл облусунда – 5,
Нарын облусунда – 3.

“Ал эми бир сутка ичинде 70 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 530 бейтап, амбулатордук түрдө 577 адам дарыланууда.

Акматова кошумчалагандай, бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 245 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 197 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 88 миң 726 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 723 киши айыгып чыкса, 1 миң 498 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button