Коом

COVID менен өткөн бир жыл: 114 өлкөнүн билим берүү министрлери онлайн кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев «COVID менен өткөн бир жыл: бүгүнкү муун үчүн апааттан качуу үчүн билим берүүнү калыбына келтирүү боюнча приоритет» деген темадагы онлайн кеңешмеге катышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, дүйнө жүзүнөн 114 өлкөнүн билим берүү министрлери катышкан жогорку деңгээлдеги онлайн кеңешме ЮНЕСКО тарабынан уюштурулду.

Аталган кеңешменин максаты билимдерге, фактыларга негизделген жана билим берүү уюмдарынын ишин калыбына келтирүү процессин түзүү үчүн прецендентсиз кырдаал шарттарындагы натыйжалуу көп тараптуу өз ара аракеттешүү жана кызматташуу менен бышыкталган практикалык тажрыйба алмашуу болду.

Кеңешмеде министрлер COVID-19 пандемиясынын шарттарында жалпы билим берүүчү мектептерде окуу-тарбиялоо процессин жана аралыктан окутуу форматын уюштуруу тажрыйбаларын бөлүшүштү.

«Мектептердин ишин жандандыруу, приоритеттерди аныктоо жана мугалимдерди колдоо» темасында сүйлөгөн сөзүндө Алмазбек Бейшеналиев өлкөдө билим берүү контенти онлайн форматка которулганын, 7 миңден ашуун видеосабак даярдалып, ырааттама боюнча эки мамлекеттик телеканал аркылуу көрсөтүлгөнүн айтып берди.

А. Бейшеналиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бүткүл өлкө боюнча билим берүү мекемелерин жабуу тууралуу жалпы буйрук чыгаруудан баш тартканын, анын ордуна өлкө жергиликтүү бийлик органдарына жер-жерлердеги эпидемиологиялык кырдаалга жараша окуу процессин токтото туруу тууралуу чечимди өз алдынча кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн бергенин баса белгиледи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button