Коронавирус. Бишкекте жуктургандар көбөйүп, бир бейтап каза тапты
Кыргызстанда бир суткада коронавирус 98 адамдан табылып, 2 бейтап каза тапты. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, жаңы катталган учурлар аймактар боюнча:
Бишкекте – 48,
Ошто — 1,
Чүй облусунда – 36,
Ош облусунда – 1,
Нарын облусунда – 1,
Ысык-Көл облусунда – 6,
Жалал-Абад облусунда – 4,
Баткен облусунда – 1.
Ал эми бир сутка ичинде 86 адам коронавирустан айыгып чыккан. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте бир киши каза болду.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 503 бейтап, амбулатордук түрдө 616 адам дарыланууда.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 246 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 197 медкызматкер айыгып чыкты.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 88 миң 374 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 809 киши айыгып чыкса, 1 миң 499 адам каза болду.