COVID-19. Кыргызстанда вирустан каза болгондордун саны 1500 гө жетти. Статистика

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 164 адамдан табылып, бир бейтап каза тапты. Бул тууралуу тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында маалымдалат.
Ага ылайык, аймактар боюнча:
Бишкекте – 97,
Ош шаары – 4,
Чүй облусунда – 51,
Ысык-Көл облусунда – 8,
Жалал-Абад облусунда – 2,
Нарын облусунда – 2.
“Ал эми бир сутка ичинде 88 адам коронавирустан айыгып чыккан. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте бир адам каза болду”, — деп айтылат маалыматта.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 504 бейтап, амбулатордук түрдө 688 адам дарыланууда.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 248 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 197 медкызматкер айыгып чыкты.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 88 миң 538 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 897 киши айыгып чыкса, 1 миң 500 адам каза болду.



