Бишкекте ооруканаларда 143 бала коронавирустан дарыланып жатат

Бишкектеги ооруканаларда коронавирус инфекциясынан 143 бала дарыланып жатышат.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата балдар арасында вирустук инфекция жана этиологиясы такталбаган пневмония азаюуда.

Белгиленгендей, Эне-баланы коргоо улуттук борборунда жана №3 балдар ооруканасына 60тан 80ге чейин кайрылуулар болуп, анын ичинен 10-15 бала ооруканага жаткырылууда, калгандарына амбулатордук жардам көрсөтүлүп жатат, 80%ы шаардыктар.

“10-15 баланын ичинен (90% учур) пневмония менен жаткырылууда. Бүгүнкү күнгө карата Эне-баланы коргоо борборунда 90 бала, №3 балдар ооруканасында 53 бала жатат. Ага карабастан ата-энелерди сак болууга жана бардык санитардык тазалык эрежелерин сактоого чакырабыз”,-деп айтылат маалыматта.