Кыргызстан менен Тажикистандын Ички иштер министрлери Согдий облусунда жолугушту

2021-жылдын 6-апрель күнү Тажикистан Республикасынын Согдий облусунда Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков менен Тажикистан Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-полковниги Рахимзода Рамазон Хамронун  расмий жолугушуусу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ички иштер органдарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуусуна тиешелүү болгон маселелер талкууланды. Кыргыз Республикасынын Баткен облусу менен Таджикистан Республикасынын Согдий облусунун чек арага чектеш региондорунда  коопсуздук менен туруктуулукту камсыздоо максатында бирдиктүү күч-аракеттерди  жумшоо керектиги айтылды.

Андан соң эки өлкөнүн ички иштер министрлери башында турган атайын кызматтарынын жетекчилеринин катышуусунда кеңири чөйрөдөгү  жолугушуу болуп өттү.

Ошондой эле, жолугушууда кылмыштуулук, терроризм,  экстремизм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү жана эки тараптын кызыкчылыгын көздөгөн актуалдуу маселелер талкууланды.

Ички иштер министрликтердин чек арага чектеш региондорундагы ички иштер органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин ортосундагы байланышты бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулду.

Макулдашуунун жыйынтыгы кылмыштуулук менен күрөшүүнүн бардык багыттары боюнча кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө кызыктардыгын жана көп жылдык ишмердүүлүктүн укуктук негиздерин бекемдөөгө даярдыктыгын дагы бир жолу тастыктады.

ИИМдин Басма сөз кызматы