Коронавирус. Акыркы суткада 222 адам жуктуруп, 4 бейтап каза тапты

Бир суткада 222 кишиден вирус аныкталып, 4 бейтап каза тапты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 183,
Ош шаары — 4,
Чүй облусу — 24,
Ысык-Көл облусу — 4,
Нарын облусу — 2,
Жалал-Абад облусу — 4,
Баткен облусу — 1.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында үч жана Чүй облусунда бир бейтап каза болду.

Март айынан бери 89 миң 660 киши вируска чалдыгын, 1 миң 516 бейтап көз жумду.