Коом

Кыргызстанда сутка ичинде 208 адам коронавируска кабылып, 3 адам каза болду

Кыргызстанда 10-апрелге карата коронавирус дагы 208 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аймактар боюнча:
Бишкекте – 128,
Ош шаарында – 1,
Чүй облусунда – 66,
Ош облусунда – 2,
Ысык-Көл облусунда – 8,
Нарын облусунда – 7,
Жалал-Абад облусунда – 1.

Ал эми бир сутка ичинде 105 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 3 бейтап каза болуп, каза болгондордун жалпы саны 1519 адамга жетти.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 833 бейтап, амбулатордук түрдө 880 адам дарыланууда. 587 бейтаптын абалы орто оордукта, 193 адамдын абалы оор жана 27 бейтап өтө оор абалда экендиги кабарланды.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 90 миң 19 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 85 миң 824 киши айыгып чыкса, 1 миң 5169 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button