Окуялар

ВИДЕО: Араван районунда аял кишинин катышуусундагы жол унаа кырсыгы иликтенүүдө

Ош облусунун  Араван РИИдин нөөмөт бөлүмчөсүнө маалымат келип түшкөн. Анда 2021-жылдын 12-апрель күнү саат 11:30 чамасында Араван районунун С.Юсупов айыл аймагынын М.Султанов көчөсүндө белгисиз атуул ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү автоунаасы түндүктөн түштүкө көздөй карама-каршы жолдо башкарып бара жатып, жолдун чыгыш тарабынын четинде токтоп турган Араван районунун А.Анаров  айыл аймагынын Жаны-Араван айылынын тургуну  42-жаштагы  Н.Б га таандык болгон “Хюндай-Портер” үлгүсүндөгү  автоунаасын алды тарабынан койдуруп алган. Натыйжада жолдо бара жаткан жөө жүргүнчү Араван районунун  А.Анаров айыл аймагынын Пахта-Абад айылынын тургуну 26-жаштагы П кызы Ж  жогоруда көрсөтүлгөн автоунаалардын ортосунда калып, денесинен жарат алып, алган жараатынан улам Араван райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Бул окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button