Окуялар

Ош ОИИБи: Эч кандай кысым болгон эмес (ВИДЕО)

2021- жылдын 12-апрель күнү Ютуб каналында «Бешбармак тв» деген аталыштагы баракча аркылуу «Кара-Суу районундагы Нариман айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан укук коргоо органында иштеген жетекчи кызматтагы адамды сындаган жарандын өкүл баласына кысым болуп жатат» -деген чындыкка дал келбеген жана такталбаган маалымат таркаткан.  2021-жылдын 11-апрель күнү Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын Маданият айылынын тургуну 51 жаштагы Ш. Т. арыз менен кайрылып, анда 2021-жылдын 11-апрель күнү болжол менен саат 17:00 чамасында Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын Маданият айылында жайгашкан «Дария» аталышындагы дүкөндүн алдында, ошол эле айылдын тургундары, Эржигит жана анын иниси Кубат аттуу атуулдар уруп денесине жаракат келтиргендигин билдирген. Натыйжада жабырлануучу Ш. Т. денесинен алган жаракатынан улам Кара-Суу райондук аймактык ооруканасына кайрылган.            

Бул факты 2021-жылдын 11-апрели күнү Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бүлүмүнүн 1-пункту  менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Аталган факты боюнча окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп,  жабырлануучу Ш. Т. күбө катарында суралып, ага соттук медициналык экспертиза дайындалган.

Ошондой эле Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын Маданият айылынын тургундары, шектүүлөр: 41 жаштагы Т. Э  жана 40 жаштагы Т. К күбө катарында суралып, алар мас абалда болгондугун жана окуяны так эстей албашын билдиришкен.

Азыркы учурда окуя боюнча көргөн билгендерди аныктоо максатында тергөө иштери жүрүп жатат. Бул жерде кысымга алынып жатат деген жарандын атасы жабырлануучу катары арыз менен кайрылгандыктан кысымга алынды деген бала Нариман айылдык милиция бөлүмчөсүнө келип атасынын арызы боюнча сотко чейинки иштердин жүрүшү тууралуу кабар алганы жана ал иш боюнча билген маалыматтарын ыкчам кызматтын кызматкерине билдиргени келген. Ал жаранга карата эч кандай кысым болгон эмес.  Ошондуктан коомчулукка туура эмес пикир жаратып, такталбаган жана чындыкка дал келбеген маалыматтарды таркатбоого чакырып кетебиз.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button