Ысык-Көлдөгү жол кырсыгы: Төртүнчү жигит ооруканадан каза болду

Кечээ, 12-апрелде Ысык-Көл облусунда жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болгону кабарланган.

Кырсык Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 204-чакырымында болгон. Анда Тойота Камри жана Ауди С4 үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Натыйжада 19, 20 жаштардагы 3 жигит каза болгон. 

Ал эми 21 жаштагы жабыркаган дагы үч жигит Түп райондук ооруканасына «Тез жардам» аркылуу жеткирилген. Анын бири ооруканада көз жумду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.