Коом

ИИМдин Ички аскерлеринин курама командасы байгелүү орунду ээлешти

Үстүбүздөгү жылдын 20-24-апрелинде Ош шаарында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасында, 2010-жылдын апрель-июнь айларындагы коогалаңдуу окуяларда курман болгон кызматкерлердин жаркын элесине арналган спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча мелдештер болуп өттү. Анын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин курама командасы жалпы командалык байгелүү 2-орунду ээлешти.

Ал эми жеке таймаштарда спорттук самбо боюнча кенже сержант Жаркынбай уулу Эльдияр (68 кг. салмак), ефрейтор Карыяев Дайырбек Үмүтбекович (82 кг. салмакта), прапорщик Мамбетжан уулу Урмат (90 кг. салмакта), ефрейтор Асылбек уулу Жамалбектер (100 кг. салмакта) жеңүүчү деп табылып, байгелүү 1-орунду ээлешсе, күжүрмөн самбо боюнча лейтенант Лугма Тимур Сульманаевич (90 кг. салмакта) жана улук лейтенант Аширбеков Өмүрбек Аширбекович (92 кг. салмакта) байгелүү орундарга татышты.

Бүгүн мелдештин жеңүүчүлөрүн КР ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы, полковник И.Кенжекулов ийгиликтери менен куттуктап, ар бирине атайын дипломдор менен кубокторду салтанаттуу тапшырды. Куттуктоо сөзүндө колбашчы спортчуларга мындан ары да спортто улам жаңы бийиктиктерди багындырып, Ички аскерлердин намысына жарай бериштерине тилектештигин билдирди.

КР ИИМдин Ички аскерлеринин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button