Мыйзамсыз миграцияны уюштурган факты аныкталды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин  Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери өлкөдөн тышкары Кыргыз Республикасынын жарандарына мыйзамсыз миграцияны уюштурган фактыны аныкташты.

Жумушка орноштуруучу жеке агенттиктердин биринин кызмат адамдары  өлкөдөн тышкары Кыргыз Республикасынын жарандарын жумушка орноштуруу боюнча ишмердүүлүктү жүргүзүүгө уруксааты жок туруп, Турцияга жана Россия Федерациясына мыйзамсыз баруулары үчүн Кыргызстандын жарандарына кызмат көрсөтүп келишкен.

 Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул агенттикке тинтүү жүргүзүлүп,  натыйжасында жарандарды чет өлкөгө  жөнөтүү боюнча мыйзамсыз ишмердүүлүк жөнүндө далилдер табылган.

 Бул жеке агенттиктин ишмердүүлүгү жөнүндө жарандар интернет жана социалдык тармактар аркылуу билип, анда жакшы шарттар  жана жогору айлык акыны убада беришкени аныкталган.

 Аталган факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 122-беренеси (Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу) боюнча катталып, жеке агенттиктин  жетекчиси, жаран Ж.Э.ге шектелип жаткандыгы жөнүндө кабарлама берилди.

 ИИМдин Басма сөз кызматы