Чек арадагы жаңжалдын жүрүшүндө 4 жаштагы Абидин каза болду.ФОТО

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан 4 жаштагы баланын каза болгонун ырастады. Ал 36-курмандык болуп калды.

Мындан мурда Facebook колдонуучусу Барчын Аманова 29-апрелде Арка айылында жашоочулар тажик тараптын аткылоолорунан коркуп, тоону көздөй качып жөнөшкөнүн билдирген.

“Мындай апаатты өмүрүндө көрбөгөн карапайым эл баары тоону көздөй качып жөнөшөт. Абидиндин апасы да уулун колунан сүйрөй, экинчи наристесин бооруна кысып эл менен кошо чуркайт. Арасында жашы да, карысы да, боюнда бар келиндер, майыптар бар. Эмне болгон апаатты түшүнбөгөн эл Фергана каналынан өтмөкчү болот. Эми жетишкенде кезектеги снаряд жарылып, Абидин сууга тушуп, агып кетет. Денесин чоочун кишилер көрүп, кармап калышат, дагы 200 метрдей агып барса тажиктер тарапка өтүп кетип, табылбай калмак экен”, – деп жазган ал.

Турсунбаев Абидин 1-июнда 5 жашка толмок.

Эске сала кетсек, эртең менен Саламаттык сактоо министринин орун басары 3-майга карата жаңжалдан 183 адам жабыркап, анын 34ү каза болгонун билдирген. Андан кийин дагы бир эркек киши каза болгону кабарланган.