Коом

ИИМдин Күзөт кызматы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин Жеңиш күнү менен куттукташты

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын начальниги милициянын полковниги Дамирбек Исаков жана Күзөт кызматынын ведомстволук полк милициясынын командири милициянын полковниги Талант Раимбеков  Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери,  көп жылдар бою Күзөт кызматынын ведомстволук полк милициясында эмгектенген Повликов Александр Васильевичти  майрамы менен куттукташып,  жылуу сөздөрүн айтышып, ыраазычылыгын бирдиришти.  Ардагерибизди материалдык жактан колдоо  үчүн 20000 сом тартуулашты, ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын ардагерлеринин атынан Мурат Алыбаев азык-түлүк продуктыларын тапшырды.

Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Түштүк башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Ибраимжан Жунусович кызматкерлер менен биргеликте Ички иштер органдарынын ардагери, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу 98 жаштагы Каим Исмаиловду  Жеңиш майрамы менен куттукташып, акчалай сыйлык, белек-бечкек, азык-түлүк алып беришти.

 Жыйынтыгында, “Ардактуу ардагерлер, Сиздердин баа жеткис эрдигиңиздердин аркасы менен биз ушул бактылуу заманда жашап жатабыз, кайратман эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем! Биз өлбөс-өчпөс эрдигиңиздерди эч качан унутпайбыз”- деп милициянын полковниги Дамирбек Жолочуевич ыраазычылыгын билдирди.

ИИМдин ККнын Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button