Окуялар
Комага түшүп калган кызды, ата-энеси Бишкек шаарына алып кетишти
Мурда маалымдалгандай, 12-майда комага түшүп калган белгисиз кызды Бостери айылынан Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасына жеткирилген. Дарыгерлер бейтапка «Мээ комасы» деген диагноз коюшкан.
Жакында, кыздын ата-энеси табылып, аны Бишкекке жашаган жерине алып кетишти. Ата-энесинин айтымында, ал азыр Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде дарыланып жатат жана анын абалы канааттандырарлык.
Ысык-Көл райондук милициясы, жогорудагы окуя тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарынан билип, кыздын өздүгүн аныктоого активдүү катышкан ар бир адамга терең ыраазычылыгын билдирет.
Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы