Кыргызстанда балалуу болгон энелердин саны канча? Статистика

Өткөн жылы Кыргызстанда 15 жаштан 55 жашка чейинки курактагы 158 миңдей аял эне болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, республика боюнча биринчи жолу балалуу болгондордун орточо жаш курагы 23 жашты түзөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Талас облусунда алгачкы жолу көз жаргандар 21-22 жаштагылар.

Ошондой эле 2020-жылы төрөгөндөрдүн 27 пайызы тун балалуу болсо, 35 пайызы экинчи жолу кыздуу же уулдуу болгондор жана ар бир сегизинчи аял (13 пайызы) төрт же андан көп баланын энеси.

Кошумчалай кетсек, 2020-жылы 1 436 эне эгиз төрөгөн, 2019-жылы алардын саны 1 575ке жеткен. 2020-жылы 14 үй-бүлө үч эмдүү болсо, 2019-жылы ал көрсөткүч 26 болчу.