Парламент “Кумтөрдүн” ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын ишин узартты

Депутаттар парламенттин кезексиз жыйынында “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн изилдөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишин 2021-жылдын күзүнө чейин узартты.

91 депутат “макул” деп добуш берди.

Мындан мурда комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров юристтер арбитраждык процесстерде парламенттин эл өкүлү катары катышуусун сунуштаганын айткан. “Өкмөт жана мамлекеттик органдар процесстин катышуучулары болот, ал эми парламент юриспруденция боюнча жарандардын өкүлү болуп саналат. Баса, биздин 4 жараныбыз биринчи соттон жеңип чыгышты, калган соттор дагы адилеттүү болот. Алар бизди арбитраждык сотто көрсөтүшөт”, – деди Жапаров.

Мындан мурда Жапаров кыргыз тараптын «Центерра Голд» компаниясына дооматы 4,2 млрд долларды түзө турганын билдирген.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин 2021-жылы 17-февралдагы токтому менен “Кумтөр” алтын компаниясынын ишмердүүлүгүн изилдөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн. Кийин анын макамы мамлекеттик болуп өзгөртүлгөн.