Окуялар
Чүйдө көлмөдө балык улап жаткан жаран белгисиз себептен каза болуп калган — ӨКМ
Чүй облусунун Москва районундагы Беш-Терек айылында көлмөдө 66 жаштагы адам кайык менен балык улап жаткан учурда белгисиз себептен каза болуп, көлмөнүн ортосунда туруп калган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 5 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.