УКМК издеп жаткан жарандар кармалды

Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы “К.Н.” карата мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, 59,5 млрд. сом өлчөмүндө акча каражатын өлкөдөн чыгарып кетүү боюнча “Х.К.Л.” жана “У.И.Ш.” аттуу Кыргызстандын жарандары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Такталгандай, “Х.К.Л.” жана “У.И.Ш.” Кытайга чет өлкөлүк компаниялардын эсептерине мыйзамсыз которуу максатында, банк мекемелерине акча каржаттарын чогултуп бергендиги аныкталды.

“Азыркы учурда аталган коррупциялык схеманын уюштуруучуларын жана башка бир адамдардын катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат”,-деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, бул кылмыш ишинин алкагында, аталган кылмышка шериктеш 1973-жылы туулган Жолдошбаев Бахтияр Сатышевичке издөө иштери улантылууда.

УКМК издөөдө жүргөн Жолдошбаев Б.С. жүргөн жери боюнча маалыматтар болсо, КР УКМК нөөмөт бөлүмүнүн 0312-62-05-85, 0312-66-04-75 номерине, жана ошондой эле 0555-55-30-46 мобилдик телефонуна кабарлап коюуну суранат.