Коом

УКМК: Нарында экстремисттик уюмдун мүчөсү өз калоосу менен уюмдан баш тартты

Нарын облусунда тыюу салынган “Йакын-Инкар” диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү экстремисттик кыймылдын ишине катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Диний экстремизмге каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Нарын облусунун айрым тургундарын тыюу салынган “Йакын-Инкар” диний-экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгүнө тартуу иш-аракеттерин кылып жүргөн адам аныкталды.

“14-майда облустук казыяттын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында көрсөтүлгөн тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдун И.Ж.Р. аттуу активдүү мүчөсү өзүнүн жаңылыштыгын моюнга алып, өз ыктыяры менен бул экстремисттик кыймылдын ишине катышуудан баш тартты”, — деп айтылат маалыматта.

УКМК тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнө каршы алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү боюнча системалуу иш-чараларды улантууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button