Коом

Ноокаттагы медреседе 14 жаштагы бала каза болду

Ноокаттагы медреседе өспүрүмдөр уруша кетип, 14 жашар бала каза болду.

Маалыматты Ош ОИИБи тастыктады. Окуя 6-октябрда Мирмахмудов айыл аймагындагы медреседе болгон. Анда 16 жашар бала пикир келишпестиктен улам 14 жаштагы өспүрүмдү учтуу нерсе менен сайып жиберген. Натыйжада ал ооруканага жетпей үзүлгөн. 

Милиция бул боюнча кылмыш ишин козгоп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. 

Ал эми муфтияттын айтымында, 14 жашар баланы дем салдырууга медресеге 3 күнгө таштап кетишкен, ал жерде окучу эмес. Ал эми кылмышка шектелген 16 жаштагы бала медреседе билим алчу. 

“Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн жумушчу топ түзүлдү. Окуя түндө болгон. Турдүү версиялар айтылып жатат, андыктан жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы менен дагы маалымат беребиз”, — деп билдиришти муфтияттан. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button