Бишкекте милиция кызматкерлерине пара берүү аракетине бөгөт коюлду

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаары боюнча Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан чет мамлекетте катталган “Toyota Crown” үлгүсүндөгү транспорт каражатын Кыргыз Республикасынын жасалма мамлекеттик номурун колдонуу менен башкарып бара жаткан жаран К.А. аныкталган.

Бузууларга байланыштуу унаа атайын айып короосуна киргизилген.
Андан кийин жаран К.А. автоунаасын мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартпастан кайтарып алуу максатында Бишкек шаары боюнча МККБнын кызматкерлерине пара катары акча каражаттарын берүү аракетин көргөн.


Козголгон кылмыш ишинин алкагында Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан жогорудагы жаран милиция кызматкерине акча каражатын берген учурда кармалып, тергөө органдарына өткөрүлүп берилген.

Учурда аталган факты боюнча тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.



