Коом

Иштейм деп кеткен боюнча дайынсыз. Токтогулда 36 жаштагы Зуура Маматова изделүүдө

Жалал-Абад облустук милициясы дайынсыз жоголгон Токтогул районунун Бала-Чычкан айылынын 36 жаштагы тургуну Маматова Зуура Жаныбековнаны издеп жатат.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, Зуура Маматова 2022-жылдын июнунда үйүнөн иштейм деп чыгып кеткен бооюнча кайтып келген эмес.

Учурда аталган жарандын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 160-165 см, дене түзүлүшү толмоч, кара жүздүү.

Дайынсыз болуп жаткан жаран тууралуу маалыматы барлар төмөнкү номерлер аркылуу байланышка чыкса болот: 102, (03747) 5-01-02, 0709 00 55 89, 0228 70 78 01.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button