Коом
“Айкөл Манас” алтын коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыкты

Улуттук банк бүгүндөн тарта 200 сом номиналындагы “Айкөл Манас” алтын коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды.
Металлдын сапат белгиси — Au 999, салмагы — 15,55 грамм. Монета 1000 нускада чыгарылган.
Алдыңкы бетинде Ала-Тоонун фонунда соот кийип, Аккула атын чаап бараткан Манас баатырдын образы чагылдырылган. Ал эми арткы бетинде кыргыз жоокерлерин символдоштурган улуттук орнаменттер, мамлекеттик герб түшүрүлгөн.

Коллекциялык монетанын максаты — кыргыз элинин элдик оозеки чыгармачылыгын жайылтуу, маданий мурасын сактоо.
Каалагандар аны башкы банктын кассасынан же www.numizmat.nbkr.kg сайтынан 123 400 сомго сатып алса болот.



