Окуялар
Ошто бала бакчада сабалган беш жашар кыздын иши тергеле башталды

Ош шаарындагы менчик бала бакчалардын биринде наристе кыз сабалган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Ага ылайык, кошумча медициналык экспертиза дайындалды жана иштин мындан башка чоо-жайы тууралуу кабарлаган жок.
Мунун алдында экинчи борбор калаанын аты-жөнүн ачык айткысы келбеген тургуну социалдык түйүндөгү баракчасында «Жасмин» аттуу менчик бала бакчада 5 жаштагы кызы сабалганын жазган. Ал чүрпөсү түшкү тыныгууда уктабай койгондуктан тарбиячылар аны үкөл сайып коркутууга алганын, андан кийин сабап, чачтарын жулуп салганын маалымдап, сүрөттөрүн жарыялаган. Окуя 5-апрелде болгону айтылат.



